"Эркин-Тоо"

Баткенде эвакуацияланган 112 миң жаран үйлөрүнө кайтууда

Бүгүн, 27-сентябрга карата Баткенде эвакуацияланган 112 миң жаран үйлөрүнө кайтууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Жалпы облус боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 18 281 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жайгашкан, 3839 жаран эвакуациялык пунктарда, 1701 жаран башка облустарга туугандарынын үйлөрүнө чыгып кеткен. 112899 жаран туруктуу жайгашкан жерлерине кайта баштады. Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран эвакуацияланган.

Баткен облусуна жалпы 1500,637 тонна гумжардам жеткирилген. Анын ичинен 265,717 тонна КР ӨКМ тарабынан, 1036,62 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген. Учурда кампада 198,3 тонна гуманитардык жардам турат. Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп, Баткен облусунун аймагына жөнөтүлүүдө.

Республиканын бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 129 пункт уюштурулуп, кабыл алынууда.

Алар:

— Ош облусунда – 44

— Жалал-Абад облусунда– 13;

— Нарын облусунда – 6;

— Ысык-Көл облусунда – 53;

— Чүй облусунда – 8;

— Ош шаарында –1;

— Бишкек шаарында – 4.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!