"Эркин-Тоо"

Баткенде эвакуацияланган 13 миң адам үйлөрүнө кайтты

Баткен облусунда Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам үйлөрүн таштап кеткен 13 миң 757 жаран туруктуу жашаган жерине кайтып келүүдө. Бул тууралуу министрдин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.

Анын айтымында, куралдуу жаңжал учурунда облус аймагынан жалпы 136 миң 770 адам эвакуация болгон. Анын ичинен 113 миң 803 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө эвакуацияланган, 4 миң 671и атайын эвакуациялоо пункттарына жайгаштырылса, 4 миң 539 жаран башка аймактарга чыгып кеткен.

Эске салсак, 14-17-сентябрда Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алуу максатында Кыргызстандын Баткен облусунун жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун чек ара заставаларына жана калктуу конуштарына кол салуу менен куралдуу агрессиясын көрсөткөн.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!