Элдин демилгелүүлүгү жашоону жакшыртууга, экономиканы көтөрүүгө чоң күч берет. Элдик демилгенин эң жакшы үлгүлөрүн Баткен облусунун жашоочулары көрсөтүп жатышат. Мындай демилгени Президент Садыр колдоп келет. Ал жакында Кадамжай районунда болгондо бул иштин жүрүшүменен жеринде таанышып, стратегиялык мааниге ээ каналды ишке киргизүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, жаңы жылга чейин дагы 100 млн сом бөлдүрүп берерин айтты.
Баткен облусундагы “Алга кадам” ирригациялык долбоору 2022-жылы апрелде мамлекет жетекчилигинин колдоосу менен башталган. Каналдын узундугу 24,9 чакырымды түзүп, анын ичинде жалпы узундугу 6,3 чакырым болгон 3 тоннель бар. Бул канал казылып бүтсө чек ара аймагындагы Каражантак массивинде 4200 гектар жер өздөштүрүлөт. Облустун элинин жашоо-турмушу үчүн бул мааниси чоң иш. Баткен жергеси тоолуу аймак. Облустун калкы жарым миллиондон ашат. Бирок, облус боюнча 57 миң гана суулуу жер бар. Мээнеткеч баткен эли үчүн жаңы жерлерди өздөштүрүү турмуш талабы болууда. Андыктан баткендиктер керек болсо тоону тешип, каналдарды казып жаңы жерлерди өздөштүрүүгө өзгөчө шык-дем менен киришип жатышканы да ошондон.
Облустун аймагынан Ак-Суу, Козу-Баглаң, Кожешкен (Сох), Исфайрам жана башка 6 дарыя агып өтөт. Облуста 3 ири район бар. Лейлек району өз аймагынан агып өткөн суунун 21%ын, Кадамжай району 23%ын, Баткен району 33%ын гана пайдаланат. Калганы кошуналарга агып кетет. Элдин ынтымагы жана биримдиги менен Кудай берген суу байлыгыбызды жаңы жерлерге жеткирүү бүгүнкү күн үчүн да, келечек муундар үчүн да маанилүү.
Баткен жергесинде буга чейин да элдик демилге жана каржылык салым менен “Пүлгөн – жаңы жер” долбоору башталган. Элдик салым жана мамлекеттин колдоосу менен тоону тешип тоннель аркылуу суу алып өтүп, жети чакырым канал казылып, 300 гектардан ашуун жерди өздөштүрүүгө мүмкүн болду. Азыр ал жерде айыл өсүп чыкты. Ошондой эле 2008-жылы Молдонияз каналы да элдик демилге менен башталып, мамлекеттин жардамы менен ишке ашырылган. Бул иштерде кадамжайлык Асанбай Пазылов башында туруп, демилгечи болгонун айта кеткенибиз оң. Мындан тышкары кадамжайлыктар тоонун тескей жагындагы жол менен жаан-чачын, сугат мезгилинде жүрүүгө мүмкүн болбой калгандыгына байланышту күнгөй жагына ашар ыкмасы менен элдин 4 миң гектарды түзгөн айдоо талааларына кыналбай барчу 7 чакырымдык жол салып, бул ишке “Кыргызстандын жаңы айыл кыймылы” долбоору колдоо көрсөткөн.
Ал эми азыркы учурда Кадамжай районунда элдик демилге менен башталган “Алга кадам” ирригациялык долбоору мамлекеттин чоң каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Бул облуста гана эмес, республикалык масштабдагы ири долбоор. Бүгүнкү күнү тоннелдин 741 метри жана 2 чакырым ачык канал казылып бүттү. Канал 2027-жылы пайдалануусу белгиленген.
“Алга кадам” — инновациялык долбоор. Анын артыкчылыгы өздөштүрүлгөн жерде суу ар бир кожолукка түтүктөр аркылуу барып, тамчылатып сугаруу системасы киргизилет. Долбоордун наркы 2,9 млрд сом. Анын үчтөн бир бөлүгү элдик салым болмокчу. Ошондой эле демөөрчүлүк колдоолор жана мамлекеттик каражат менен ишке ашырылат.
Белгилей кетсек, Мамлекет башчысы долбоор башталып жатканда өзүнүн фондунан 50 млн сом бөлүп берип, колдоого алган. Мындан тышкары Баткенди өнүктүрүү фондусуна каналды салуу үчүн 100 млн сом бюджеттен бөлүнгөн. Ал эми Баткен эли өздөрү да ушул кезге чейин 100 млн сомдук салым кошушту.
Долбоор бардык керектүү техникалар менен камсыздалып, тажрыйбалуу тоо-кен адистери иштеп жатат. “Сиздин келгениңиз жакшы болду. Өзүңүз бул ишке көзүңүз жетип, каражат бөлүп бердиңиз эле. Бул жерде Якутия, Бурятияда “Алрос” (алмаз казган ишкана) сыяктуу комапнияларда ондогон жылдар башчы болуп иштеген балдар келип иштеп жатат. Буларга ишенүүгө болот, эч ойлонбой каражат жагынан жардам берсеңиз болот”, — деди Президентке ал жерде иштеп жаткан адистердин бири. Чындыгында Баткен жергесинде элдик демилге менен башталып, мамлекеттин сүрөөнчүлүгү менен жүрүп жаткан улуу ишти уккан эр-азаматтар туулган жерине кайтып келишип, ишке дем берип, иштеп жатышат. Ошондой эле тыштан каражаттык салым кошуп жаткан баткендиктер да ондоп саналат.
Чек ара аймагы болгон Баткен облусуна мамлекет тарабынан жакшы көңүл бөлүнүүдө. Облуска өзгөчө макам берилип, облустун өнүгүүсү үчүн мамлекеттик бюджеттен жылына 500 млн сом каралган. Мамлекеттин колдоосу, элдин жаратман демилгеси менен Баткен облусу кыска аралыкта эле өсүп-өнгөн облуска айланаарына үмүт артсак болот.
Бегим ТУРДАЛИЕВА
№100 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 19-декабры