"Эркин-Тоо"

Баткенде издөөдө жүргөн киши Бишкектен кармалды

Баткенде издөөдө жүргөн киши Бишкектен кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Кайыңды айлынын 28 жаштагы А.К. аттуу тургуну 2021-жылдын май айынан бери соттолгон адамдын сот өкүмүн аткарбоо беренеси менен издөөдө жүргөн.

Баткен районунун аймагында жүргүзүлүп жаткан “Адам сатуу” операциясынын негизинде ал 2022-жылдын июнь айынын аягында Бишкек шаарында жашынып жүргөн жеринен кармалып, Баткен РИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!