"Эркин-Тоо"

Баткенде күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Баткенде күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, саат 02:29да Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Лейлек районунун Жаңы-Турмуш, Катраң айылдарында 4 балл, Лейлек, Тогуз-Булак, Маданият айылдарында 3,5 балл, Сүлүктү шаарында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!