Баткен облусунун Кадамжай районунда күрүчтү кайра иштеп, таңгактаган жаңы ишкана ишке кирди. Миң-Чынар айылындагы бул өндүрүштү жаш ишкер Алина Исакова жетектейт.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалыматына ылайык, ишканага АРИС тарабынан ишке ашырылып жаткан «Баткен облусун региондук экономикалык өнүгүүсү долбоорунун алкагында 15 млн 600 миң сомдук заманбап жабдуулар жана техникалар сатып алынган. Ал саатына 1 тоннадан ашык күрүч иштеп чыгат.
Күрүчтүн кебеги жана топосу да текке кетпейт. Андан косметикалык каражат жана курулуш материалдары жасалмакчы.
Учурда ишканада 15ке жакын жумуш оруну түзүлдү.

