Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады. Жолугушуу 11-сентябрдан 17-сентябрга чейин болгон. Анын алкагында тараптар калган тилкелерде кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүшүн сыпаттоо боюнча сунуштар менен алмашты. Кийинки жолугушуу Тажикстандын аймагында өтмөй болду.