"Эркин-Тоо"

Баткенде маданий-тарыхый музей пайдаланууга берилди

Баткен районунун Кара-Булак айылындагы музей үчүн жаңы имарат курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган айылда биздин замандын II-IV кылымдарына таандык “Мыктын Гөрү” көрүстөнү казылган. Анда мумияланган келиндин табыты табылган.

Аймактагы табылгаларды сактоо максатында 40 жыл мурда “Мектеп музей” түзүлгөн. Кийинчерээк ал “Элдик музей” деп аталган.

Музейде 2 885 экспонаттар бар. Музейдин курулушуна республикалык бюджеттен 21,7 млн сом жумшалды.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!