"Эркин-Тоо"

Баткенде мыйзамсыз лотерея уюштургандар кармалды

Баткен облусунда лицензия албастан, лотерея уюштурган жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Баткен райондук ИИБ менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө «Лотереялар жөнүндө» мыйзамдын талаптарын бузуп, лицензия албастан, облустун аймагында массалык лотерея оюндарын уюштурган КР жарандары аныкталган.

Мыйзамсыз иштин уюштуруучусу, Баткен районунун Самаркандек айылынын 1993-жылы туулган тургуну К.у.К. жана башка тиешеси бар адамдар аныкталды. Уюштуруучулар лотерея билеттерин жалпы суммасы 8 миллиондон ашык сомго 2 миң 800 даана сатышкан.

Бул факты боюнча «Мыйзамсыз ишкердик кылуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Уюштуруучулардын жашаган жеринен тинтүү учурунда лотереялык барабандар, ойнотулуучу унаалардын документтери, лотерея билеттери жана ишке тиешелүү башка документтер алынган.

Учурда иштин бардык жагдайларын аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иштери жүргүзүлүүдө.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!