УКМКнын жүргүзгөн иликтөөсүнүн негизинде Баткен шаарындагы 2,26 гектар жер тилкеси жана «Агроснабтехсервис» мүлктүк комплекси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлгөнү аныкталды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Аталган факт боюнча «Базар Башы» жабык акционердик коомунун жетекчилиги өз аракеттеринин мыйзамсыз экендигин моюнуна алып, 2,26 гектар жер тилкесин жана “Агроснабтехсервис” мүлктүк комплексин ыктыярдуу түрдө мамлекеттин балансына кайтарып берди.