"Эркин-Тоо"
Аймак Жаңылыктар

Баткенде сегиз айда 860 миң тонна көмүр өндүрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын январь–август айларында Баткен облусунда 40тан ашык ишкана жалпысынан 860 миң тонна көмүр казды.

Өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, бул көлөм ички керектөөдөн бир нече эсе көп. Себеби, облус жылына орто эсеп менен 120–130 миң тонна көмүр керектейт, анын 100 миң тоннасы калкты камсыздоого жумшалат.

Көмүрдүн баасынын өсүшүнө жол бербөө максатында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмү көмүрдүн дүң баасын макулдашуу боюнча Сүлүктү жана Раззаков шаарларында көмүр казуучу компаниялардын жетикчилери жана башкы эсепчилери менен жолугушууларды өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү.