"Эркин-Тоо"
Аймак

Баткенде суу сактагыч курулат

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 25-апрелде Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүндө өткөн жергиликтүү эл менен болгон жолугушуусунда, Баткен облусунун Лейлек районундагы Козу-Баглан суусуна Ак-Тоок суу сактагычын куруу пландалып жатканын билдирди.
Анын айтымында, Баткен облусунда мамлекеттик чек ара маселеси чечилсе, долбоор ишке ашат. Учурда бул маселе боюнча тажик тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
Суу сактагычты куруу долбоорун ишке ашырууга буга чейин каражат бөлүнгөн, бирок каражаттын суммасын тууралуу маалымат айтылган жок.