"Эркин-Тоо"

Баткенде талкаланган үйлөрдү бузуу иштери башталды

Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагында бийлик өкүлдөрү жергиликтүү жарандар менен биргеликте жеринде түлөө өткөрүштү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жаңы имараттарды куруу үчүн талкаланган үйлөрдү жана имараттарды бузуп, тазалоо иштери башталды.

Тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өздүк курамы менен биргеликте жергиликтүү тургундар тартылды.

Буга чейин Тажикстандын кол салуусунан улам чек арага жакын аймактарда жабыр тарткан турак жайлар 26-сентябрдан тарта  салына баштарын Президенттин администрациясынын башкармалыгынын башчысы Айбек Джунушалиев билдирген.

“Жабыр тарткан турак жайларды эл аралык уюмдардын өкүлдөрү көрүп кетишти. Биринчи күндөн баштап курулуш техникалары келип баштайт. Үйлөрдүн салынышы республикалык бюджеттен каржыланат. Үйлөр салынганда да кирпич менен салынат. Үстү монолит менен жабылат. Бүт эски үйлөр алынат да, жаңы имараттар тургузулат”, — деген ал.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!