"Эркин-Тоо"

Баткенде “Укук тартип”, “Арсенал” аталышындагы иш-чаралар өткөрүлүп жатат

Баткен РИИБдин айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Тажикстан Республикасына жакын жайгашкан айылдын тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Түшүндүрүү иштери Баткен районунун аймагындагы айылдарда өтүп жаткан “Укук тартип”, “Арсенал” аталышындагы иш-чаралардын алкагында өткөрүлүүдө. Анда жарандарга резонанс жараткан кылмыштарды алдын алуу жана болтурбоо, коомдук тартипти сактоо, издөөдө жүргөн атуулдардын жүргөн жерин аныктоо, коомдук жайларда тилемчилик менен алектенген атуулдарды аныктоо, мал уурулукту алдын алуу, мал жандыктарын талаада кароосуз калтырбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 87 эскертүү акт толтурулуп, мал ээлерине берилди. “Арсенал” иш-чарасынын жүрүшүндө Баткен район аймагында ок атуучу куралга уруксаты бар атуулдардын ок атуучу куралын жарактуулугун, сактоо абалын, тиешелүү документтерин текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!