"Эркин-Тоо"

Баткенде жаңы автобекет курулат

Баткенде жаңы автобекет курулат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, сынак мэрия тарабынан жарыяланып, ага 21 миллион 784 миң 86 сом жумшоону пландап жатат. Автобекет Курманжан Датка көчөсүнө курулат.

Белгиленгендей, иш келишим түзүлгөндөн кийин 60 күндүн ичинде бүтүшү керек.