25-март күнү Баткен шаарынын А.Жайнаков атындагы музыкалык драма театрында Ички иштер министрлиги менен 5 жылдан бери өнөктөш болуп келген “Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фонду жана “Saferworld” эл аралык уюму менен кызматташтык долбоорунун алкагында жаштар арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча чоң масштабдагы фестиваль өттү.
Фестивалга ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы милициянын полковниги Нуржан Адылова, Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын орун басары Кишимжан Кадырова, Баткен ОИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын начальниги милициянын полковниги Равшан Сатыбалдыев, «Эл аралык толеранттуулук үчүн» коомдук фондунун Баткендеги филиалынын директору Роберт Авазбеков жана Бишкек ШИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын начальнигинин орун басары милициянын подполковниги Марлис Амантуров катышып, жаш балдардын коомдогу орду тууралуу сөз кылышты.
Мындан сырткары фестивалга Талас, Ош, Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад, Чүй облустук жана шаардык милициясынын коомдук коопсуздук кызматынын балдар менен иштөө инспекциясынын улук инспекторлору, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн балдар менен иштөө инспекциясынын улук инспекторлору, ошондой эле Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунан келген мектеп окуучулары катышып, тажрыйба алмашуу багытында иш алып барышты. Жаш балдарды кылмыштуулуктан оолак кылуу, укук бузууларга жол бербөө, жаш муундун бекерчиликке берилип кетпөөсү үчүн заман талабына ылайык тарбиялоо максатында актерлук чеберчилик, вокал, SMM багытында иш алып баруу боюнча мастер класстар өткөрүлдү.
Фестивалдын негизги максаты – жашы жете электердин арасында укук бузууларды жана балдарга карата жасалган кылмыштардын алдын алуу, балдарды коомдук процесске активдүү катыштыруу үчүн шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү.
Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы