"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Баткендеги мыйзамсыз менчиктештирилген жерлер мамлекетке кайтарылды

УКМКнын басма сөз кызматы кабарлагандай, Баткен районунда мурда мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды.

Маалыматка ылайык, «Болот» дыйкан чарбасынын башчысы тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген Баткен шаарындагы 1,5 гектар жана Баткен районунун Кыштут айылындагы 5 гектар, ошондой эле «Кызыл-Бел- автожол» көзөмөл- өткөрүү пунктунун жанында жайгашкан 2 гектар жер мамлекеттин балансына кайтарылды.

«1994-1995-жылдары жаңы түзүлгөн «Болот» дыйкан чарбасына Баткен районунун жана Баткен шаарынын аймагынан айыл чарба багытындагы жер тилкелери бөлүнүп берилген. Кийинчерээк жер тилкелери чарбанын жетекчиси тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип, жарым-жартылай сатылган.

Ошондой эле 1988-жылы «Агропромэнерго» ишканасына мамлекет тарабынан жер тилкелери бөлүнүп берилген. 1996-жылы аталган ишкана «Баткен айыл энерго» болуп кайра түзүлгөн. 2009-2022-жылдары карамагында турган жерлер ишкананын директору тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип, андан ары коммерциялык багытка трансформацияланган.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө менчик ээлери ыктыярдуу негизде жалпы аянты 8,5 гектар жерди мамлекеттин балансына өткөрүп беришти», — деп билдирди УКМК.