Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдирүүсүндө, Өкмөт Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын кесепетинен документтери жоголгон жарандарга көмөк көрсөтөт.
«Милдеттерди ыкчам чечүү жана кырдаалды жөнгө салууну камсыздоо максатында, Президенттин тапшырмасы менен жабыркагандарга ар тараптуу колдоолор көрсөтүлүүдө. Буга байланыштуу, Мамлекеттик каттоо кызматына жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда документтештирүүгө муктаж жарандардын тизмесин ыкчам тартипте түзүү тапшырылды. Бул максатта ведомство жер-жерлерде туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике күбөлүгү жана паспорт берүү сыяктуу документтештирүү кызматын көрсөтүү үчүн тийиштүү техникалык жабдуулар менен калкты тейлөөчү көчмө борборлорун уюштурат. Ошондой эле, транспорт каражатын жана айдоочулук күбөлүктү тариздөөгө да көмөктөр көрсөтүлөт», — дейт Улукбек Марипов.