Баткен районундагы Жаңы-Жер айылынын дыйканы Динмухамед уулу Марлен кулпунай өстүрүп, быйылкы жылы 34 миллион сом киреше тапты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.
Маалыматка караганда, дыйкан мамлекеттин жерлерин ижарага алып, заманбап ыкмалар менен иш жүргүзүп келет. Өткөн жылы ал 17 миллион сом киреше таап, 100 тоннадан ашык кулпунайды экспортко чыгарган. Ал эми быйыл көрсөткүчтөр эки эсеге жогорулап, 200 тоннадан ашык кулпунай Россия менен Казакстанга жөнөтүлдү.
Министрлик мындай жетишкендиктер «3+2» программасынын алкагында жүргүзүлгөн иштердин натыйжасы экендигин айтты. Программа аркылуу адистер жердин абалын анализдеп, өсүмдүккө керектүү азыктар боюнча так сунуштарды беришкен. Натыйжада түшүмдүүлүк кыйла арткан.