Баткендик жаштар программисттик билимди акысыз алышат
Кыргызстандын программисттер ассоциациясынын төрагасы Азис Абакировдун журналисттерге берген маалыматына ылайык, «Кыргызстандан 50 миң программистти даярдоо» боюнча долбоорунун алкагында баткендик жаштар акысыз түрдө программист кесибине окутулат. Азис Абакиров, кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуялардан соң баткендик улан-кыздарды акысыз окутуу чечими кабыл алынганын айтып, кызыккан жаштар бизге кайрылса болот деп билдирди.
Аталган долбоор Кыргызстанда бир жылдан бери ишке ашырылып, өлкө боюнча талантуу жаштар программалоо боюнча билим алып келишет. Долбоордун катышуучулары онлайн форматта жана Кызыл-Кыядагы IT-лицейде билим ала алышат.