Баткенден Россия жана Казакстанга кулпунай эскпорттоло баштады.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, Кадамжай районундагы Актурпак айыл аймагындагы «Кызыл Алтын» айыл чарба кооперативи 7га жер аянтын иштетет, анда жалпысынан 14 киши эмгектенет.
Быйылкы жылы 4 гектарга өстүрүлгөн «клера» сортундагы кулпунайдан гектарынан 30 тоннага чейин түшүм жыйнап, Россия жана Казакстанга 1 килограммын 420-430 сомдон экспорттоп жатат.