Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасында орун алган жаңжал маалындагы тажик тараптын куралдуу кол салуусунан кийин үйлөрү толугу менен күйүп кеткен Лейлек районунун Максат айылынын тургундарына чатырлар тигилди. Буга чейин 2-майда Максат орто мектебинин жанына 3 чатыр тигилип, биринде медициналык кызматкерлер жарандарга жардам көрсөтүп, экинчисинде жергиликтүү тургундар тамактанып, үчүнчүсүндө эс алып жатышкан.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Лейлек райондук бөлүмүнүн башчысы билдиргендей, 50дөй чатыр тигилип, жергиликтүүлөр үйлөрү курулуп бүткөнгө чейин алар чатырларда жашашат. Алдын ала маалымат боюнча, жаңы үйлөр 2 айдын аралыгында курулуп бүтөт.
Расмий маалымат боюнча, Кулунду айыл өкмөтүндө 95 үй, анын ичинде Максат айылында 83 үй, Интернационал жана Сады айылдарында 12 үй өрттөлүп, талкаланган.