Батыш Австралиядагы Уортон-Бич жээгинде таштанды чогултуп жүргөн үй-бүлө күтүлбөгөн табылгага туш болду — алар кум арасынан Биринчи дүйнөлүк согуш убагында жазылган кат салынган бөтөлкөнү табышты. Бул тууралуу AZƏRTAC агенттиги билдирди.
1916-жылдын 15-августунда жазылган каттын авторлору — Малькольм Невилл жана Уильям Харли аттуу эки австралиялык жоокер болгон. Алар 48-австралиялык жөө аскерлер батальонуна кошулуп, Европага жөнөп жаткан HMAT A70 Ballarat транспорттук кемесинде сүзүп бара жаткан учурда катты бөтөлкөгө салып деңизге ташташкан.
Карандаш менен жазылган катта жоокерлер өздөрүн бактылуу жана үмүттүү сезип жатышканын билдиришкен.
— «Ким муну таап алса, өзүн азыркы биздей бактылуу сезсин», — деп жазган Уильям Харли.
Малькольм Невилл болсо: «Бизде баары сонун, тамактар укмуш. Бир гана деңизге көмүлгөн тамактан башкасы. Толкундар тээп, чайкап жатат, бирок биз ‘ларридей бактылуубуз’» — деп тамаша аралаш кошумчалаган.
Тилекке каршы, Невилл фронтто бир жылдан кийин курман болгон. Харли болсо согуштан аман калганына карабастан, 1934-жылы газ чабуулунун кесепетинен каза болгон.
Адистердин айтымында, бөтөлкө кум дөбөлөрүнүн арасында жүз жылдан ашык убакыт катылып жаткан. Каттын тексти таң каларлык деңгээлде жакшы сакталып калган.
Жоокерлердин үй-бүлөлөрү бул табылгаларды “керемет” деп атап, алардын неберелери «жүз жылдан кийин бул кат биздин үй-бүлөлөрдү кайра бириктирди» деп билдиришкен.
 
		 
		 
		


