Айыл чарба министрлиги кабарлагандай, Базар-Коргондо 302 гектар жерден 1 177 тонна пахта жыйналды.
Фермерлер Кытайдан алынган К-67 сортун өстүрүшкөн. Анын орточо баасы 11 сомдон бааланууда.
Министрликтин маалыматына караганда, пахта өндүрүшүн колдоо максатында техникалык жардам көрсөтүү жана айыл чарба тармагындагы туруктуулукту камсыздоо иштери уланууда.