"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Базар-Коргондо диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрү кармалды

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда “Хизбут-Тахрир аль Ислами” диний-экстремисттик уюмунун төрт активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-октябрда УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 2-бөлүмүндө («Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу») каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында “Хизбут-Тахрир-ал-Ислами” ДЭУнун Базар-Коргондогу активдүү мүчөлөрү К.М.И., И.М.М., Н.М.К. жана Х.Я.A. кармалды.

Кармалгандар “Хизбут-Тахрир-ал-Ислами” ДЭУнун активдүү мүчөлөрү экени жана экстремисттик идеологияны жарыялоо жана жайылтуу, ошондой эле алардын катарына жаңы тарапкерлерди тартуу боюнча иштерди жүргүзүшкөнү аныкталды.

Аталган адамдардын жашаган жерлерин тинтүү учурунда “Хизбут-Тахрир-ал-Ислами” ДЭУга тиешелүү диний-экстремисттик адабияттар жана баракчалар табылып, алынган материалдардын негизинде соттук-диний экспертиза дайындалды.

Кармалгандар УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилип, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.