"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

«Базар» системасы 10 айда 727 млн сом салык жыйноого шарт түздү

2025-жылдын январь–октябрь айларында «Базар» маалыматтык системасы аркылуу 727 млн сомдон ашык салык жыйналды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жаңы система салык органдары жана банктар ортосундагы ишти жөнөкөйлөтүп, салыктарды башкарууну тездетти. Платформа ишкерлер үчүн ачык, түшүнүктүү жана ыңгайлуу шарт түзүп, бизнесте ашыкча текшерүүлөрдү азайтууга жардам берүүдө.

Салык кызматы «Базар» системасы ар бир жарандын жүгүртүүсүнө жараша адилеттүү салык төлөнүшүнө шарт түзүп, бюджеттин кирешесин көбөйткөнүн белгилейт.