"Эркин-Тоо"
Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү

Базарбаев Кудайберген Базарбаевич

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри.

Туулган жылы: 1958-жыл.

Билими: Жогорку билимдүү, 1982-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин «Француз тили» адистиги боюнча аяктаган;

Эмгек ишмердиги:

1982-жылы КМУнун комсомол комитетинин катчысы болуп иштөө менен баштаган;

1982-1985-жж.  Кыргызстан ЛКЖС БКнын лекторлор тобунун жетекчиси болуп иштеген;

1985-1987-жж. Кыргызстан КП Ленин райкомунун инструктору, бөлүм башчысынын орун басары;

1987-1990-жж.  Кыргызстан КП Фрунзе шааркомунун инструктору;

1990-жылдын январь-май айлары Кыргызстан КП Октябрь райкомунун бөлүм башчысы;

1990-жылдын май–декабрь айлары Фрунзе шаарынын Октябрь райкеңешинин төрагасынын биринчи орун басары;

1990-1991-жж. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын уюштуруу-инспектордук секторунун башчысы;        

1991-1992-жж. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын кадрлар секторунун башчысы;

1992-1993-жж. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын бөлүм башчысы;

1993-1998-жж. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, биринчи орун басары;

1998-1999-жж. Бишкек шаарынын мэриясынын кирешелер булактарын талдоо жана маркетинг башкармалыгынын башчысы;             

1999-2001-жж. Бишкек шаарынын вице-мэри;

2001-2002-жж.  Бишкек шаарынын Октябрь райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары;

2002-2004-жж.  Октябрь райондук санитардык тазалоо жана жашылдандыруу комбинатынын директору;

2004-2007-жж.  Бишкек шаарынын Октябрь райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары;

2007-жылдын апрель – май айлары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси;

2007-2010-жж. Боршайкомдун аппаратынын жетекчиси;

2010-жылдын август–декабрь айлары «Ата Мекен» социалисттик партиясынын Борбордук аппаратынын башчысы;        

2010-2012-жж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ата Мекен» депутаттык фракциясынын бөлүм башчысы;

2012-2013-жж. Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министринин орун басары;

2013-2016-жж. Кыргыз Республикасынын социалдык өнүктүрүү министри;

2019-2020-жж. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын проректору;

2020-2021-жж. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүнү мониторингдөө жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттешүү бөлүмүнүн башчысы.

2021-жылдын 13-октябрынан тартып эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;

«2-класстагы мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчиси» класстык чини бар.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер.

Саясий илимдердин кандидаты.