Барган сайын муктаждыктын жогорулап жатканынан улам Кыргызстанда күйүүчү майга болгон баанын жогорулашы күтүлүп жатканын өлкөнүн Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти. Анда негизги импортёр болгон Россияда күйүүчү майдын биржадагы баасы акыркы мезгилде бир нече жолу рекорд жаңылап, көтөрүлгөнү айтылган. Ал эми соңку убакта эттин баасына карата мамлекеттик көзөмөл күчөтүлгөнү менен азырынча түшөөрү байкалбайт. “Ак төөнүн карды жарылган” мындай учурда базардагы азык-түлүк, мөмө-жемишке карата баалардын куну ыксыз учуп, катардагы карапайым көпчүлүктүн кыйла шайын оодарууда. Инфляция күч алган азыркыдай шартта базардагы бааларды ооздуктоого болобу? Кымбатчылыктын кабшабынан карапайым элди кантип сактап калабыз? Биз мындай соболдорго бул жолу жооп издедик.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карамат Орозова: “Баалардын кымбатташы элдин жашоосун оорлотот”
— Абдан туура, көйгөйлүү суроолорду көтөрүп жатыпсыңар. Мындай шартта эң оболу баалардын көтөрүлүшүнүн себебин аныктап алалы… Эл аралык норма боюнча инфляция канча көтөрүлсө эмгек акы, пенсия, жөлөк пул баштаган төлөмдөр да ошого карата көтөрүлүшү керек. Мыйзам же болбосо кандайдыр бир чечимдер элдин турмуш-шартын оорлото турган болбошу керек. Албетте, баалар көтөрүлгөн сайын элдин жашоо-шарты оорлоп баратат. Аныгында баалардын өсүүсүнүн терс таасири өтө көп. Калкты арзан, ошол эле маалда экологиялык жактан таза азык-түлүк менен камсыз кылуу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар атайын программа кабыл алып, тез арада анын үстүндө иштөө керек. Өлкөбүздүн эң чоң байлыгы – биздин калкыбыз.
Жарандык активист Мавлян Аскарбеков: “Эттин баасын көзөмөлдөө утурумдук гана жыйынтык берет”
— Экономика мамлекетте жүргүзүлүп жаткан саясатка көз каранды. Белгилүү миллиардер, ири ишкер Дерипаска Казакстандын бюджети Орусиянын бюджетинен ашып кетүү себебин түшүндүрүп, андагы экономикалык өсүштүн негизги шарттарын атаган: 1. Мыйзамдын үстөмдүгү. 2. Жеке менчиктин корголушу. 3. Тышкы инвесторлордун тартылышы. 4. Жемкорлуктун жок болушу. 5. Мамлекеттин кийлигишүүсүнүн системдик түрдө азайышы. Бул талашсыз талаптарга кошо биздин реалдуулукта экономикалык көз карандылыктан, мисалы күйүүчү майдын 95%ы бир мамлекеттен импорттолот, азык-түлүк, транзиттик ж.б. арылуу, ички өндүрүштү өнүктүрүү, четтен сатып алууларды диверсификациялоо зарыл. Бул системдүү жана концептуалдуу сунуш. Ал эми талаш жаратып жаткан эттин баасын мамлекет тарабынан көзөмөлдөө, тыюу салуу ж.б.у.с. чаралар утурумдук гана эффект берет.
Журналист Адилет Айтикеев: “Эттин баасын күч менен кармап турууга болбойт”
— Бул маселеде күйүүчү май менен эттин баасын өз-өзүнчө бөлүп кароо керек. Анткени, күйүүчү майдын баасынын артында геосаясат “жыттанып турганын” жакшы билесиңер. Бул жаатта бизде монополисттик саясат өкүм сүрүп калган. Ал эми эттин баасын тиешелүү мамлекеттик органдар тыкыр көзөмөлгө алышканы менен тыңгылыктуу деле натыйжа чыкпайт. Алар бааны түшүрө алышпайт. Жасалма жол аркылуу бааны түшүргөнүбүз менен суроо-талап көп. Мал аз болсо баа бир орунда турбайт. Кымбаттайт. Анткени, этке болгон суроо-талап жогору, эттин өндүрүмү болсо чектелүү. Мал баккан фермерлер, ортодогу алып саткан касапчылар мезгилдик суроо-талаптарга, айрым учурларда чайкоочулукка карай бааларды өйдө-ылдый түшүрө беришет. Аларды кандайдыр бир мыйзам аркылуу деле тыя албайсың. Мындай шартта чайкоочулукту азайтуунун бир гана жолу – аларга альтернатива түзүү керек. Альтернатива түзүш үчүн айланып келип эле фермерлер менен кардарлардын ортосунда кандайдыр бир көпүрөлөрдү түзүү абзел. Ошондой эле жер-жерлерде муниципалдык атайын эт дүкөндөрү менен касапканаларды мамлекет уюштуруп, ортомчулук милдетти аткарса да болот. Бүгүн мамлекетибиз этке болгон көзөмөл саясатынан алыстап туруп, тескерисинче кийинки жылдан тарта каржылык же субсидиялык системага өтүп, мал баккан фермерлерди ар тараптан колдоо саясатын жүргүзүп, эт өндүрүшүн көбөйтсө жакшы болмок. Мындай шартта этти өзүбүздүн ички керектөөбүзгө гана эмес, экспортко чыгарууга да шарт түзүлмөк. Дагы айтам, эттин баасын күчтөп кармаганда өтө деле майнап чыкпайт.
Калыгул Бейшекеев