“БАЗАРЫ ЖҮРБӨГӨН” МЕГАКОМДУН ЭМИ ИШИ ЖҮРӨБҮ?

ЖАК “Альфа телеком” (MEGA соода маркасы) мобилдик компаниясын жеке менчикке сатуу боюнча акыркы 10 жылдан ашуун убакыттан берки аракет ишке ашпай келет. Өткөн жылдын ноябрь айында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусу (мындан ары Фонд) тарабынан Мегакомдун наркын баалоочу компанияны аныктоо үчүн сынак жарыяланган. Бирок мындан да майнап чыкпай, декабрдын аягында кайра кайталап конкурс жарыяланды. Сынакка катышуучулар 2023-жылдын 9-январына чейин тиешелүү документтерин тапшырууга тийиш болчу. Бул мөөнөт бүттү. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун өкүлү Чынтемир Ибраимовдун бизге билдирүүсү боюнча сынакка катышуу үчүн жергиликтүү эмес бир компаниядан арыз түшүп, учурда ал Фонд тарабынан каралып жатат. Бүгүнэртең анын жыйынтыгы коомчулукка дайын болушу мүмкүн. Белгилүү болгондой, баалоочу компаниянын көрсөткөн кызматын Фонд 7 млн 800 миң сомго баалаган. Фонддун өкүлүнүн айтуусу боюнча арыз берген компания да өз баасын айтууга укуктуу.

17-январда аталган “Альфа телеком” ЖАКтын башкы директору Нурлан Мамытов Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында Мегаком компаниясынын баасы алдын ала 12 млрд сомго болжолдонуп жатканын билдирди. Фонд тарабынан өткөн жылдын аягында эле Мегакомдун наркы 14 млрд сомго бааланган эле. Ал эми 2016-жылы мамлекет компанияны аукционго чыгарып, 19 млрд 7 млн сомго сатуу аракети болуп, бирок ишке ашкан эмес. Баалардын диаграммасынан убакыт өткөн сайын Мегакомдун баасы түшүп жатканын көрүүгө болот.

Эске салсак, 2010-жылы 20-майда Убактылуу өкмөттүн декрети менен ЖАК “Альфа телекомдун” 49% акциясы улутташтырылып, мамлекетке өткөн. Калган 51% акция Алексей Елисеевге таандык чет тилинде аталыштагы эки компанияга тиешелүү болгон. Албетте, бул жерде эмнеге 49% деген суроо чыгышы мүмкүн. Ошол кездеги Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү И.Исаковдун Жогорку Кеңеште берген маалыматы боюнча аталган компания тарабынан 49%ын улутташтыруу сунушталган, себеби ал үлүш Максим Бакиевге тиешелүү болгон. Ал эми 2014-жылы Жогорку Соттун чечими менен компаниянын калган 51%ы да мамлекетке берилип, компания 100% мамлекеттик компанияга айланат. Бирок муну менен сот иши токтогон жок. 2017-жылы Penwell Business Ltd аттуу А.Елисеевге таандык делген оффшордук компания Кыргыз Республикасына каршы эл аралык арбитраждык сотко кайрылып, өлкө бийлиги анын “БиМоКом” ЖЧКсынан “Альфа телекомго” салынган инвестициясын тартып алды деген негизде 298 млн доллар өлчөмүндө компенсация талап кылып, доо арызын берет. Сотто Кыргызстандын кызыкчылыгын эл аралык юридикалык компаниянын жана өзүбүздүн юристтерибиз коргогонун белгилеп коюшубуз керек. Акыры 2021-жылы ноябрда Лондондо эл аралык арбитраж Кыргыз Республикасынын пайдасына чечим кабыл алып, доогердин арызы толугу менен четке кагылган.

Айтор ырынан чыры көп Мегаком компаниясы 2010-жылдан бери эле бирде сатылат, бирде сатылбайт менен эле келатат. Мегакомдун акциясынын 49%ы улутташтырылгандан кийин 2011-жылы биринчи жолу аны сатуу боюнча аукцион жарыяланып, ага бир гана Россиялык компания катышуу ниетин билдирип аукцион болбой калган. Анда 49% акция 4,9 млрд сомго бааланган эле. Ошондон ушул күнгө чейин Мегакомду сатуу боюнча 10дон ашык аракет болду десем апырткандык болбойт. Фонд тарабынан компанияга ээлик кылууга Түркия, Кытай, Түштүк Корея, Россия жана Швейцария сыяктуу мамлекеттерден каалоочулар чыгып жатат деп канча айтылды, бирок Мегаком маселеси дагы деле актуалдуу бойдон турат. Балким компаниянын айланасында түгөнбөгөн соттук териштирүүлөр инвесторлордун көңүлүн кайт кылып жатабы, ким билет? Же чыныгы потенциалдуу инвесторлор чыкпай жатабы? Балким убакыт өткөн сайын мобилдик кызмат көрсөтүү тармагы заманбап башка технологиялар алдында актуалдуулугун жоготуу мүмкүндүгүнөн “базары жүрбөй” жатабы?

Антсе да аталган компания кирешесинен чыгымы көп компаниялардын катарына кирбейт. Башкасын айтпаганда да былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча компания алдын-ала маалымат боюнча 1,5 млрд киреше тапкан. Мындан тышкары ушундай эле суммадагы салыктык чегерүүлөрдү бюджетке которгон. Бул туурасында “Алфа телеком” ЖАКтын башкы директору Нурлан Мамытов 17-январда Жогорку Кеңеште депутат Мурадил Сыдыковдун суроосуна жооп берип жатып айтканын “Тазабек” жазды. Дегеле Мегаком өзүнүн тарыхында чыгашалуу компания болгонун эч ким уккан да эмес, билбейт дагы. Бирок узак убакыттан бери компанияны сатуу аракети болуп келет. Мындай кадам адатта “мамлекет начар менеджер” деген түшүнүккө негизденип, аны саткандан түшкөн каражат бюджетке колдоо болоору менен түшүндүрүлөт.

2015-жылы Өкмөт Мегакомду приватташтыруу тизмесине киргизип, 2016-жылы февралда 19 млрд 7 млн сомго баалап, аукционго чыгарган. Каалоочулар чыкпаган соң баасын 14,4 млрд сомго түшүрүп, кайра сентябрда аукционго чыгарып бирок анда да аукцион өтпөй, сатылбай калган. Азыр мына ушундай эле абал кайталанып жаткансыйт. 2021-жылы Министрлер Кабинети “Альфа телеком” ЖАКты приватташтыруу программасына киргизип, 2022-жылдын аяк ченинде компанияны баалоочу компанияны тартуу үчүн сынак жарыялап, сатууга камылга көрүлүп жаткансыган. Бирок жакында эле Президенттин пресс-секретары Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына Мегакомдун айланасындагы кырдаалга мындайча түшүндүрмө берди: “менчиктештириле турган обьекттердин тизмесине киргизилгенден кийин башкаруучу өзгөрүп, Улуттук банк же Мамлекеттик өнүктүрүү банкы кожоюн болуп калат деп болжолдонууда. Тийиштүү чечим Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат. Башкача айтканда компания өлкөнүн бюджетин толтурууга салым кошууну улантуу менен мамлекеттин карамагында калат жана банктын көзөмөлү астында тез өнүгөт. Демек, компания эч кандай жол менен жеке колго же чет өлкөлүк компанияларга өтүп кетпейт. Анын үстүнө башкаруучунун алмашуусу калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатынын жакшырышына, МEGA мамлекеттик компаниясын андан ары активдүү өнүктүрүүгө тез алып келет деп күтүлүүдө”. Албетте, мындай билдирүү жөн жерден болбосо керек.

Эгерде Президенттин Басма сөз катчысынын түшүндүрмөсүнө таянсак, Мегакомду сатуу чечими токтотулган сыяктанат. Биздин оюбузча саткан күндө деле анын баасы биз каалаган баада болушу күмөн. Себеби, убакыт өткөн сайын мобилдик компаниянын кызмат көрсөтүүсүнө альтернатива болуучу интернетке байланышкан жаңы технологиялардын шартында мындан ары да мобилдик компаниянын баасы өспөйт, тескерисинче дагы арзандашы толук мүмкүн. Андыктан мамлекет компанияны арзан баада жеке колго өткөрүү чечиминен кайтып жатса түшүнүүгө болот. Мобилдик байланыш компанияларынын флагманы болуп турган чакта деле Мегакомду сатып алууга ырыстуу инвестор чыкпай келбедиби. 2017-жылы да мамлекет компаниянын баасын 13,5 миллиард сомго түшүрүп, сатууга койгондо россиялык ишкер аял, “чай ханышасы” аталган Елена Нагорная компанияга ээлик кылууга күтүлбөгөн жерден талапкер болуп чыкпады беле? Бирок Кениядан чай жана кофе ташыган ишкер айымдын миллиондогон долларга коммуникация компаниясын сатып алганга каржылык чама-чаркы деле жок болуп чыккан.

Мегакомду дээрлик жыл сайын сатуу аракети болуп келсе да ишкерлик бедели таза, каржылык жактан бакубат кызыкдар тараптар чыкпагандыктанбы айтор анын “базары жүрбөгөнү” факт. Эми аны колдон чыгарбай мамлекет өз карамагына калтырганы туура эле кадам. Бүкүлү бир сатып жиберип, андан түшкөн каражатты “жеп койбой” жыл сайын бюджет олуттуу киреше алып турса эмнеси жаман? Бир гана нерсе мындан ары мына сатылат, ана сатылат деп илең-салаң болбой кадрдык курамды мыктылап, “базары жүрбөгөн” Мегакомдун ишин жүргүзө алабызбы, кеп мына ушунда.


ДАЙЫМА ЭЛЕ “МАМЛЕКЕТ ЖАМАН МЕНЕДЖЕР” БОЛО БЕРБЕШИ МҮМКҮН

Бир кезде чөнтөк телефон баарыбыз үчүн чоң жаңылык болгон. Убакыт өткөн сайын улам жаңы чыккан интернет технологияларынын атаандаштык шартында «мобилдик компаниялар актуалдуулугун сактап кала алабы?» деген суроо пайда болбой койбойт. Биз мына ушундай суроо менен экономикалык эксперт Искендер Шаршеевдин пикирин сурап көрдүк.

— Искендер мырза, байланыш технологиялары улам өнүгүп жаткан доордо азыркы мобилдик операторлордун келечегине кандай мүнөздөмө берет элеңиз?

— Үн байланышы менен иштеген мобилдик операторлордун жана компаниялардын келечеги бир нече факторлордон, анын ичинде 5G технологиясын кабыл алуунун өсүшүнөн, интернетке негизделген байланыш платформаларынын популярдуулугун жогорулатуудан, ошондой эле жасалма интеллектти жана үн менен машина үйрөнүүнүн канчалык көбөйүшүнөн көз каранды болот. 5G технологиясы ылдамыраак интернет ылдамдыгын жана ишенимдүү туташууларды алып келиши күтүлүүдө, бул жогорку дааналыктагы үн жана видео чалуулар сыяктуу үн байланыштары үчүн жаңы колдонуу учурларын камсыз кылат, ошондой эле башка интернет тармактардын өсүшүн шарттайт. WhatsApp, Facebook Messenger жана Zoom сыяктуу интернетке негизделген байланыш платформалары да барган сайын популярдуу болуп баратат жана алардын колдонулушу өсө берет, анткени көп адамдар алыстан иштеп, байланыш үчүн санарип куралдарына таянышат. Акыр-аягы үн байланыштарында жасалма интеллектти жана машиналык үйрөнүүнү колдонуу кеңири жайылат деп күтүлүүдө, анткени бул технологиялар үндөрдү таануу жана транскрипциялоо сапатын жакшыртуу үчүн колдонулат. Жалпысынан үн байланышы менен иштеген мобилдик операторлордун жана компаниялардын келечеги атаандаштыктын күчөшү, ошондой эле жаңы бизнес моделдердин жана киреше агымдарынын пайда болушу менен шартталат.

— Мамлекет «жаман менеджер» дегенге кошуласызбы?

— Мамлекет бир нече себептерден улам уюлдук оператордун бизнеси үчүн мыкты менеджер боло албайт деп айтууга болот. Мунун бир себеби, мамлекеттин телекоммуникация тармагындагы жеке компаниялардыкындай деңгээлдеги тажрыйбасы жок болушу мүмкүн. Бул уюлдук операторду башкарууда натыйжасыздыкка жана инновациянын жоктугуна алып келиши ыктымал. Дагы бир себеби, мамлекеттик компаниялар саясий таасирге жана кийлигишүүгө дуушар болот, бул компаниянын же анын кардарларынын кызыкчылыгына туура келбеген чечимдерге алып келет. Бул дагы коррупцияга жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга алып келиши мүмкүн деген тобокелчиликти жаратат. Бирок бул дайыма эле ушундай болот дегендик эмес. Анткени айрым мамлекеттик уюлдук операторлор жакшы көрсөткүчтөргө ээ болуп, кардарларына жеткиликтүү жана ишенимдүү кызматтарды көрсөтө алышкан. Мында ар бир өлкөнүн конкреттүү контекстти жана жөнгө салуучу чөйрөсүн эске алуу маанилүү.

Бегим ТУРДАЛИЕВА
№5 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 24-январы

Пример HTML-страницы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

error: Content is protected !!