Мамлекеттик бажы кызматы 2023-жылдын апрель айында республикалык бюджетке бажы төлөмдөрүнөн 8,8 млрд сом акча төктү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Белгиленген пландык көрсөткүчтөр 100,5% аткарылып, 46,8 млн сомго көп чогултулду.
2022-жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда түшүүлөр 3,5 млрд сомго жогорулады же өсүү темпи 165,4%ды түздү.