Жалпы журтубузга маалым болгондой, жакында өлкөбүздүн өнүгүшүнө жол ача турган мыкты программа кабыл алынды. Тактап айтсак, 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндөгүжарлыкка Өлкө башчысы Садыр Жапаров кол коюп, алдыдагы беш жылда кайсы багыт менен баса тургандыгыбызды көрсөтүп берди. Аталган стратегиялык документ өлкөбүздүн туруктуу өнүгүшүн камсыздоого, калктын жашоо сапатын жогорулатууга, адамдык потенциалды ачууга жана руханий баалуулуктарды чыңдоого багытталып, дымактуу максаттар дыкат жазылганына күбө болдук.
Аталган программаны иштеп чыгуу динамикалуу өзгөрүп жаткан глобалдык жана региондук чөйрөгө ыңгайлашуу зарылдыгы, ошондой эле өлкөнүн социалдык-экономикалык потенциалын чыңдоого умтулуу менен шартталганын байкадык. Программа мурунку стратегиялык демилгелердин жана натыйжалардын жетишилген ийгиликтерине таянып, иштердин ырааттуулугун жана өнүгүшүн камсыз кылат. Маселен, 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында олуттуу ийгиликтерди багындырган. Атап айтсак, кыска аралыкта ИДП жан башына 2 420 долларга чейин өстү. Ошого катар акыркы үч жылдагы экономикалык өсүштүн орточо темпи 9%ды түздү. Биздин тарыхта мындай нерсе болгон эмес.
Бюджетке токтоло кетсек, 2021–2024-жылдары мамлекеттик бюджеттин кирешеси 209,8 млрд сомдон 463,8 млрд сомго чейин эки эсеге өскөн. Бул финансылык консолидациянын жана ички карыздын көбөйүшүнүн, ошондой эле фискалдаштыруунун жана кирешелерди башкаруунун эсебинен болду. Чоң секирик жасап, 2023-жылы 12,7 млрд сом жана 2024-жылы 36,9 млрд сом өлчөмүндө бюджеттин профицитине жетиштик. Бюджеттик кирешелердин өсүшүмамлекеттин калк алдындагы социалдык милдеттенмелерди аткаруу боюнча да, негизги капиталга мамлекеттик инвестициялардын көлөмдөрүбоюнча да финансылык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтти. ИДПга карата тышкы карызыбыз 2021-жылы 50,3%дан 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча 25,9%га чейин кыскарды.
Ушул жерден кошумчалай кетсек, Улуттук программада бизде өтө орчундуу тармактын бири болгон энергетика жагы да камтылган. Ооба, өлкөнүн экономикасында энергетикалык сектор негизги ролду ойной тургандыгын жашыра албайбыз. Энергетикасыз азыркы учурда туруктуу өнүгүүтаптакыр мүмкүн эмес. Өкүнүчтүүсү, 30 жылдык башаламан башкарууда энергетика тармагы кризиске батып, ГЭСтер талкаланып, мышык ыйлай турган абалга кептелип калган. Эгер 2020-жылы элдик толкун болбой, бүгүнкүжетекчилер келбей, ошол дили бузук саясатчылардын башкаруусунда турганыбызда азыр электр энергиясы жок, караңгыда калмакпыз. Аны эскилиги жетип, улам авария болуп жаткан ГЭСтерден, Бишкектеги ЖЭБден көрүп жатабыз.
Жалпыбыз күбө болгондой, жакынкы төрт жылдын ичинде бир топ ГЭСтер курулду. 2024-жылы электр энергиясын өндүрүү2021-жылга салыштырмалуу азайып (-0,2 млрд кВт с) 14,9 млрд кВт саатты түздү. Учурда электр энергиясынын тартыштыгы орточо эсеп менен 3,5 млрд кВт саат болуп жатат. Тартыштыкты жоюу максатында мамлекет тарабынан ГЭСтерди, күн жана шамал станцияларын, энергетика объекттерин реконструкциялоо жана модернизациялоо боюнча чаралар көрүлүп жатат. Электр энергиясынын техникалык жоготуулары бир кыйла төмөндөп, атайын техникалар жаңыртылды. Эң масштабдуу долбоорлордун бири болгон Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу иштери кызуу жүрүүдө. Жалпысынан 2030-жылга чейин 30га жакын электр энергетикалык объекттерин ишке киргизүүпландалууда, бул тартыштыкты жоюуга, энергетикалык көз карандысыздыкты камсыз кылууга жана электр энергиясын башка өлкөлөргө, атап айтканда, CASA-1000 долбоору боюнча экспорттоого мүмкүндүк берет.
Негизинде Мамлекет Башчысы кол койгон стратегиялык документ өлкөнүн орто мөөнөттүүөнүгүүсүнүн артыкчылыктарын жана максаттарын аныктай тургандыгы анык. Программадагы бардык милдеттер бир гана максатка – өзүбүздүн жарандардын татыктуу, коопсуз жана келечектүүтурмушун камсыздоого багытталганы так көрсөтүлгөн. Социалдык саясатка, жашоо деңгээлин жогорулатууга, билим берүүнүөнүктүрүүгө, саламаттыкты сактоого жана адамдык капиталды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулган. Айта кетсек, программада реалдуу мүмкүнчүлүктөрдүжана стратегиялык пландарды чагылдырган төрт артыкчылыктуу өнүгүүвектору аныкталган. Ар бир вектор экономикалык өнүгүүнүтездетүүгө, өлкөнүн региондогу ордун күчөтүүжана калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн бекем негиз түзүүгө багытталган.
Эң башкысы, программанын алкагында 2030-жылга карата амбициялуу максаттар коюлуп, багыттар аныкталды. Атап айтсак, ИДПнын көлөмүн кеминде 30 миллиард долларга чейин өстүрүү, калктын жан башына ИДПны 4 500 долларга чейин жогорулатуу, ИДПнын орточо жылдык реалдуу өсүүтемпин 8%дан кем эмес деңгээлде камсыз кылуу жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүмаксаттарына жетүүүчүн алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кирүүдеген өтө дымактуу демилге камтылган. Айрымдарыбызга жомоктой сезилиши мүмкүн, бирок артка кылчайып карайлычы, кечээ 2020-жылдан кийинки программа деле ошондой көрүнгөн. Дээрлик анын баары ишке ашты да. Бир мисалын айтсак, ипотекалык үйлөрдүмамлекет өзүкуруп, 25 жылдык мөөнөт менен берет деген үч уктасак түшүбүзгө кирген эмес. Бүгүн ал кадыресе көрүнүш катары кабыл алынууда. Демек, азыркы дымактуу демилгени колдошубуз керек. Себеби, эгемендик алгандан берки 30 жылдын ичинде бир дагы жетекчинин айткан сөзүнө кылган иши төп келген эмес. Жазылган программалар кагаз бетинде, айтылган убадалар сөз жүзүндө калып кеткен.
2020-жылдан кийинки учурду карасак, бардык тармакта өнүгүүорун алууда. Ошол жылы кабыл алынган программа дээрлик бардык багыттар боюнча ишке ашып, жетишилген олуттуу өнүгүүдөн кийин, биз жаңы деңгээлге өттүк. Эми 2030-жылга чейин өнүгүүпрограммасы менен биз ылдамдыкты арттырып, дымактарды кеңейтип, мамлекеттик ресурсту реалдуу, эл сезе турган натыйжаларга багытташыбыз шарт. Мамлекеттик иштин жемиштери кагаз жүзүндө эмес, элдин күнүмдүк жашоосундагы өзгөрүүлөр аркылуу көрүнүшүкерек. Маселен, ээн-эркин жүрүүнүкамсыздаган коопсуз жана ыңгайлуу жолдор, сапаттуу билим берүүчүзаманбап мектептер, жеткиликтүүжана квалификациялуу медициналык жардам көрсөткөн ооруканалар курулушу зарыл. Ага катар туруктуу жумуш орундар түзүлүп, татыктуу эмгек акы, пенсиялар жана жөлөк пулдар берилип, ички рынокту өнүктүргөн жана экспортко чыккан ишканалар курулуп, келечекке ишеним берген туруктуу инфраструктуралык база калыптанышы керек. Буга жетишүүүчүн жапатырмак чыгып, программанын ишке ашышын жалпыбыз колдоого алышыбыз зарыл. Анткени, Өлкө Башчысы Садыр Жапаров “Ар бир жаран өзгөрүүнүсезген күчтүү, беделдүүжана гүлдөгөн өлкөнүкурабыз” деген максат койду. Демек, жеңил-желпи ой менен карап, кайдыгер мамиле жасабашыбыз кажет. Биз чечкиндүүжана өнүккөн багытты тандадыкпы, анын аягына чыгарышыбыз шарт.
Зулпукаар Сапанов

