Бегимай Турусбекова белгилүү таланттар сынагына катышат

Маданият министрлиги Бегимай Турусбековага эл аралык музыкалык сынактарга катышууга көмөктөшүүнү көздөөдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Кечээ, 22-июнда министр Азамат Жаманкулов «Ынтымак» сейил багында өз өнөрү менен белгилүү болгон 32 жаштагы Бегимай Турусбекова менен жолугушту.

Министр Турусбекованын талантына суктанарын айтып, Central Asia’s Got Talent долбооруна катышууга жардам берүүнү убада кылды. Ал ошондой эле Кыргызстандын Казакстан, Түркия жана Венгриядагы маданият күндөрүнө катыша турган делегациянын курамына кирет.

Эске салсак, өткөн дем алыш күндөрү Бегимай Турусбекова Ынтымак сейил багында концерт койгон. Ал өзүнүн вокалдык жөндөмүнүн аркасында интернетте атактуу болду.

Вставка изображения в HTML код страницы
Альтернативный текст
error: Content is protected !!