"Эркин-Тоо"

«Бейиш эненин таманында» тасмасы Орусиянын шаарларында коюлат

Режиссёр Руслан Акун тарткан «Бейиш эненин таманында» аттуу тасма 11-апрелден тарта биринчи жолу Орусиянын 59 шаарында прокатка чыгат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Тасма Голливуд жылдыздарынын  үнү менен орус тилине дубляждалган.

«Бейиш эненин таманында» тасмасы  Кыргызстанда, Өзбекстанда, Казакстанда, Түркияда, Египетте жана Меккеде тартылган.

Кыргызстанда марттан тарта көрсөтүлө баштаган, Казакстанда 21-мартта, Өзбекстанда жана Орусияда 11-апрелде прокатка чыгат, ошондой эле тасманы түрк жана араб тилдерине которуу пландалууда.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!