"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

«Бейиш эненин таманында» тасмасынын уландысы тартылууда

Белгилүү режиссёр Руслан Акундун «Бейиш эненин таманында» тасмасынын уландысы тартылууда. Бул тууралуу Руслан Акун өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Учурда тасманын уландысы Жалал-Абад облусундагы Кызыл-Үңкүрдө тартылууда. Башкы ролду Эмил Эсеналиев аткарып, тасма жумурай-журтка 2026-жылы тартууналары белгилүү болду.

“БЕЙИШ — ЭНЕНИН ТАМАНЫНДА”