"Эркин-Тоо"

БЕЙИТИ 67 ЖЫЛДАН КИЙИН ТАБЫЛГАН КАЛМАНБЕТОВ ТУРГУНБАЙ

Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин демилгеси менен 2007-жылы «Мемориал» ОБД (Obd-memorial.ru) аталышындагы маалымат базасы түзүлгөн. Ал Улуу Ата Мекендик согушка кетип, дайынсыз болгон аталардын сөөгүнүн кайсы жерге коюлганы жана кантип каза болгону тууралуу маалыматтарды камтыган маалыматтык сайт-база.

Маалыматтык сайт-база орду толгус жоготуулар жөнүндө документтердин дээрлик 17 миллион санарип көчүрмөсүн жана Улуу Ата Мекендик согуштагы жоготуулар боюнча 20 миллионго жакын жеке жазууларды өзүнө камтыгандыгы менен баалуу деп саналат. Сайттан 5 миллиондон ашык солдат жана офицерлер көмүлгөн жерлер тууралуу маалымат алууга болот. Мына ушул маалыматтык базадан согушка аттанып, дайынсыз кеткен кыргызстандык аталардын да дайыны чыга баштаган. Андай окуялардын бирине көңүлүңүздөрдү бурабыз.

Калманбетов Тургунбай 1942-жылдын январь айында Кыргызстандан калың элдин катарында өз каалоосу менен мекенди коргоо үчүн Ата Мекендик согушка аттанат. Тургунбайдын артында 3 кызы, беш жаштагы уулу Сонунбек жана жаркылдаган жары Кынатай калат. Тургунбай согушка Москва шаарына жакын жерде кирет. Тилекке каршы алты айдан кийин ага ок жаңылып жарадар болуп, госпиталга түшөт. Ошондон бери кабары жок болуп, уул-кыздары, жары Кынатай Тургунбайдын дарегин таппайт. Арадан 67 жыл өтөт.

Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусу Калмамбетов Тургунбайдын небереси Капарбек Тургунбаев:

— Биздин чоң атабыз Калмамбетов Тургунбай 1942-жылы согушка кетип, андан кийинки тагдыры дайынсыз болуп жүргөн эле. Чоң атам согушка кеткенде менин атам Сонунбек беш жаштагы чыт курсак бала экен. Кийин атам эр жетип, үйлөнүп-жайланып, билим алып, бүтүндөй Аксы элине пайдасы тийген финансист болду. Бирок, пайгамбар жашына келгенче өз атасынын дарегин таппай издеп жүрдү. Жагдай 2010-жылы өзгөрдү. Бир тууган агам Сапарбек Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин демилгеси менен 2007-жылы «Мемориал» ОБД жалпы маалымат базасы түзүлгөнү тууралуу билип, чоң атамдын атын, туулган жылын базага киргизип көрсө, анын кайсы жерде каза болгону, кайсы аймакка сөөгү коюлгандыгы тууралуу маалымат табылып калат. Туугандардын кубанычында, айрыкча атамдын кубанычында чек жок болду десем жаңылышпайм. Жарым кылымдан ашык убакыт издеген чоң атамдын дайыны чыкканына өтө кубандык. Көрсө чоң атабыз 1943-жылы эле каза болгон экен. Аткычтар полкунда кызмат өтөп, жарадар болуп, Россиянын Курган облусу менен чектеш Казакстандын Петропавловск шаарындагы мусулмандардын мүрзөсүнө коюлуп, мемориал тактасына аты жазылыптыр. Биз бул маалыматтарды билерибиз менен анын сөөгү коюлган жерге барып келүүнү чечтик. Атам экөөбүз жолго чыкмай болдук. Документ иштериндеги кыйынчылыктарга карабай, атам экөөбүз артка тартпадык. Петропавловск шаары Бишкектен 2500 километр алыстыкта болгондуктан эки сутка тынбай жол жүрүп жеттик. Барарыбыз менен эле алгач шаардагы мечитке барып, имам менен биргеликте чоң атам жаткан көрүстөнгө барып куран окутуп, Аксыдан алып барган топурагыбызды салып кайттык. Тактайчада Кулманбетов Тургунбай деп жазылып туруптур. Аны көргөн атам көзүнө жаш алып, атасын жоктоп бир эзилип алды. Атасына кеч болсо да топурак салып, куран окутканына сүйүнүп, Жаратканга ыраазы болду. Атам ошентип, атасынын бейитин 67 жылдан кийин тапты. Азыр атамдын да көзү өтүп кеткен. Бул окуяны биз көп эстейбиз. Жеңиш күнү 9-май, биздин үй бүлө үчүн чоң майрамдардын бири. Эгер маалымат база түзүлбөгөндө, мүмкүн ушул күнгө чейин биз чоң атабыздын тагдыры тууралуу эч нерсе билбей калмакпыз…

P.S.
Биз окурмандарга Ата-Мекендик согушка кетип дайынсыз болуп кеткен аталардын дарегин табууга көмөктөшкөн сайтты сунуштайбыз.
Obdmemorial.ru сайтына кириңиз.

Сүрөттө: (ортодо) Калманбетов Тургунбайдын уулу Тургунбаев Сонунбек Петропавловск шаарындагы атасынын табыты коюлган мусулмандар көрүстөнүндө куран окуу учурунда.

Жазгүл Кенжетаева