26-сентябрда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин директору Кайя Адамс менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда өлкөдөгү саламаттык сактоо тармагын жакшыртууга байланышкан маселелер талкууланды. Тараптар медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу максатында кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстандагы ишке ашып жаткан долбоорлордун алкагында тыгыз кызматташууну улантууга макулдашып, кызматташтыкты бекемдөөгө жана саламаттык сактоо тармагын биргелешип өнүктүрүүгө умтула тургандыгын билдиришти.