"Эркин-Тоо"
Эркин Тоо гезити

Бейшенбек АБДРАЗАКОВ: «КУРУЛТАЙ АДИЛЕТ БАШКАРУУГА АЛЫП КЕЛЕТ»

       Кыргыздын нарктуулугун, элдүүлүгүн сактап келген институттардын бири – бул Курултай. Советтик доордо чекеге сүрүлүп калганы менен эгемендүүлүк алгандан кийин кайра жанданып, Курултай элдик демилге менен өткөрүлүп келди. Тилекке каршы, бийлик башындагылар мыйзамга киргизбей, чанып жүрдү. мына ушул маселелер боюнча Бейшенбек мырзаны сөзгө тарттык.

— Бейшенбек Токтобаевич, Элдик Курултайдын мыйзамдын алкагында өз ишин баштаганы турат. Дегеним, көп жылдар бою бийлик башындагылар курултай институтун жээрип, чекеге сүрүп келишкен. Садыр Жапаров мамлекет башына келгенден кийин гана курултайга көңүл бурулуп, 2021-жылы 5-майда күчүнө кирген Баш мыйзамга Элдик курултай институту киргизилди. Сиздин оюңузча бул чоң жеңиш болдубу?

— Албетте, чоң жеңиш, тарыхый иш болду. Манас атанын мурасы уланып, мыйзамга кирди. 30 жыл ичинде беш президент, Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы кабыл алып беребиз деп элди алдап кетишти. Кудайым кут кылсын, 2021-жылы Садыр Нургожоевич Баш мыйзамга киргизди. Аны менен токтоп калбастан, Элдик Курултай жөнүндө Конституциялык мыйзамды кабыл алдырды. Жогорку Кеңеш каршы чыгып, бут тосконуна карабастан саясий эрктүүлүгүн көрсөтүп, ата жолундагы тарыхый чындыкты орнотту. Президент бул кадамы менен тарыхта калды деп ачык эле айтып койсок болот. Анткени, Курултай эртели-кеч сөзсүз адилет, акыйкат башкарууга алып келет.

— Элдик Курултайды Конституцияга киргизер маалда дагы аябай каршылыктар болду окшойт. Андан кийин өзүңүз белгилегендей, Курултайды жөнгө салуучу мыйзамдын кабыл алынышы Жогорку Кеңеште бир топ тоскоолдуктарга кабылды. депутаттардын каршы чыгышынын себеби эмнеде болду?

— Ооба, 2021-жылы Конституцияга киргизилген учурда дагы аябай каршылык көрсөтүштү. Баш мыйзамдын долбоорун жазгандардын басымдуу бөлүгү 30 жыл Кыргызстанды башкарган аткаминерлердей болуп орусча окуп, орусча ойлонуп, элдин салтынан, наркынан, тарыхынан алыс калган кишилер экен, баары каршы чыгып, 3 эле киши колдоду. Бирок, “Токмогу күчтүү болсо кийиз казык жерге кирет” дегендей, элдик демилге Баш мыйзамга кирди. Конституция кабыл алынгандан кийин да Жогорку Кеңеш мыйзамды кабыл алып бербей, бир жарым жыл созду. Ал аралыкта мыйзамдын “колу-бутун” кескилеп, бир күндүк Курултай мыйзамын кабыл алышты. Демилгечилердин ичи толгон жок.

— Жогорку Кеңеш мыйзамды кабыл албаса дагы 2022-жылы садыр Жапаров өзүнүн буйругу менен Элдик Курултай өткөрдү. Быйыл 29-июнда мыйзам кабыл алынып, Президент 24-июлда кол койду. Ал эми мыйзамдын ички жоболорун депутаттарга Курултайды терең билгендер чечмелеп бериши керек болчу. Мыйзамды кабыл алдырууда сиздер Курултайдын максат, мүдөөсүн так түшүндүрүп бере алдыңыздарбы?

— Курултайчылар бир ай бою Жогорку Кеңеште жүрдүк. Эртең менен кечке чейин кирипчыккан депутаттар менен иштештик. Өздөрүнө кирип да сүйлөштүк, шайлоочуларды кыдырган маалда дагы айттырдык, угушкан жок. Бир сөз менен айтканда бизди атаандаш катары көрүп туруп алышты. Ушундай түшүнүктүн айынан Курултай институту Баш мыйзамга да киргизилбей келди. Курултайдын жоктугунан улам 30 жылда бийликке, байлыкка тойбогон бир ууч саясатчы мамлекеттүүлүк менен эгемендиктин баркын кетирип, өлкөнү талап-тоноп, атып-сатып кетишти. Жылдар бою уланган мындай көрүнүш эч ким, эч качан, эч нерсеге жооп бербейт деген принципке алып келди. Союз маалында чогулган байлыкты саналуу кишилер бөлүп алып, олигарх болушту. Элдин 99 пайызы жакырчылыкка батып, жумушсуздуктун айынан 1,5 млн жараныбыз жан багуунун аргасында тентип кетти. Бул жалпыбыздын трагедиябыз.

— Былтыркы Элдик Курултайда айтылган сунушпикирлерден канчасы ишке ашты?

— Былтыркы Элдик Курултайда 4 миң көйгөй айтылган, азыркы күнү 2 миңге жакыны ишке ашып жатат. 30 жыл ичинде чогулган мектеп, балдар бакчасы, таза суу, сугат суу, жол, ж.б. боюнча көйгөйлөр айтылган, алардын бир тобу аткарылды. Мен үч көйгөй көтөргөм, Бишкек шаарынын 47 жаңы конушуна жыл сайын 1015 мектеп, бала бакча салынсын жана экологияны таза сактоо үчүн баары газдаштырылсын деп. Быйыл мэрия 16 мектеп жана бала бакча салды. Айрым жаңы конуштарга газ жетти. Мындан сырткары, газ менен жүргөн автобустар келип, экологияны сактоого аз да болсо салымы кошулду. Экинчиси, он жылда электр унаа чыгарган завод салып, элибизди толук электр унааларына өткөрүү керек дегем. Үчүнчүсү, тез арада 30 жыл ичинде чет өлкөгө мигрант болуп кеткен кыргыздарды көчүрүп келишибиз керектигин, антпесек 1,5 млн элден айрылып каларыбызды айткам.

 — Быйылкы жылга мерчемделген курултай 15-декабрда болгону турат, даярдык кандай жүрүп жатат?

— Азыркы маалда 7 облус, 40 район, 31 шаар, 453 айыл өкмөттө делегаттар тандалып бүттү. Эми 18-ноябрда Республикалык Курултайга 700 делегат шайланат. Курултайдын максатын айта кетейин, бул – элдик бийликти орнотуу, бийлик башындагыларга көзөмөлдү күчөтүү.

— Элдик Курултайдын былтыркы жылы шайланган төрагасы ызы-чуу менен кызматтан кеткени айтылган, уюштуруу ишин кимдер жүргүзүп жатат?

— Курултайга жалаң таза делегаттар келип, төрагасы дагы эч бир шек жаратпаган таза киши болуш керек. Жыл башында “Төрагаңар Бакиевди алып келет экен” деген ызы-чуу чыгып, бизге катуу сөз тийди. Бир тобу азыр да жаман көрүп жүрүшөт.

 — “Көч жүрө-жүрө түзөлөт” дегендей, Курултай өз таасирин кеңейтип, жакынкы жылдарда байыркы ордун табар…

— Ооба, «Көч бара-бара түзөлөт” дегендей, Курултай өз ордун табышы керек! Келечекте 40 райондон 40 депутат мыйзам чыгаруу палатасына, 700 делегат Эл өкүлдөр палатасына келип, Жогорку Кеңеш — Элдик Курултай деп аталышы шарт. Ошондо кылым карыткан ата-баба жолуна түшүп, салттуу, нарктуу, ооматтуу, дөөлөттүү Кыргыз каганатындай мамлекетти түптөгөн болобуз.

 

Зулпукаар САПАНОВ

№88 «Эркин-Тоо» гезити

2023-жылдын 3-ноябры