Быйыл 2025-жылга медицина тармагына мамлекеттик бюджеттен 49,6 млрд сом каралган. Ал эми учурда өлкө боюнча 32 оорукана курулууда. Бул аракеттердин баары калк ден соолугуна болгон камылга десек жаңылбайбыз. Мисалы, жакында Бишкектеги Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтуна медициналык жабдууларды сатып алуу үчүн казынадан 255 млн 982 миң 500 сом бөлүндү. Министрлер Кабинети Саламаттык сактоо министрлигине каражаттардын максаттуу пайдаланылышын камсыз кылууну тапшырды. Бул каражат менен ооруканадагы кайсы көйгөйлөр чечилет? Ушул жана башка суроолорубузга аталган борбордун директорунун орун басары Бекболот уулу Нурболот мырза жооп берди.
Нурболот мырза, май айында Мамлекет Башчысы Садыр Жапаров, Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунун көйгөйлөрүн жерине барып, ал-абалын көрүп кеткен болчу. 2 ай өтпөй мамлекеттен бул борборго ири каражат бөлүндү. Эми кандай иштерди баштоо алдында турасыздар?
— Ак халатчандар адам ден соолугуна, өмүрүнө кам көрөбүз. Ал эми дарыгерлерге медициналык жабдыктардын жардамысыз бейтаптарга натыйжалуу дарылоо жүргүзүү мүмкүн эмес. Бизде буга чейин медициналык жабдыктар боюнча маселелерибиз курч болчу. Анткени, жабдыктар эскирген, айрымдары жарактан чыккан, заманбап шарттарга жооп берчү эмес. Өзгөчө бейтаптарга операция жасоодо жабдыктардын жетишсиздиги, заман талабына жооп бербегендиги чоң көйгөй жаратып келген. Минтип, биздин ооруканага мамлекеттен тарыхта биринчи жолу ири көлөмдө акча бөлүндү. Каражатка – ооруканага заманбап жабдыктар сатып алынып, зарыл болгон муктаждыктарыбызды чечип, калк саламаттыгына кам көрөбүз. Медицинага камылга, колдоо иштери, жалпы элдин саламаттыгына болгон камкордук. Жамаатыбыз менен мамлекеттин бул колдоосуна ыраазычылык билдиребиз.
— Сиздердин ооруканада жүрөктүн кан тамыр көңдөйлөрүн рентгендик изилдөөгө салчу ангиография жабдыгы көйгөй жаратып келген. Бул жабдыктын жаңысын сатып аласыздарбы?
— Ангиография менен жүрөктүн кан тамырлары тартылат жана кан тамыр хирургдары операциялар учурундагы аракеттерин көзөмөлдөө үчүн колдонулат. Ооба, ооруканага акыркы үлгүдөгү эскперттик класстагы медициналык жабдыктар, ангиография УЗИ аппараттары сатып алынат. Бул жабдыктар жүрөгүндө көйгөйү бар бейтаптарга, өзгөчө жаңы төрөлгөн наристелерге, жалпы жаш балдардын операцияларында дарыгерлерге абдан зарыл.
— Ооруканада бейтаптарды дарылоо, операция иштеринин акылары тууралуу айтсаңыз. Өлкөдө жүрөгү ооруган бейтаптардын көрсөткүчү кандай?
— Акыркы учурларда жүрөк оорусу менен кайрылган жарандардын саны көп болууда. Ал эми операциялар боюнча айтсам, акыркы 6 ай ичинде 108 жаш балага, 153 чоң кишилердин жүрөктөрүнө ар түрдүү операциялар жасалды. Бизде операция 6 жашка чейинки балдарга акысыз жасалат. Ата-энеси жок, социалдык мекемелерде тарбиялангандардан акы алынбайт. Мамлекеттен ден соолугу үчүн жеңилдик алган жарандарыбыз үчүн да өзүнчө баалар каралган. Негизинен өлкөдө хирургиялык операцияны күтүүнүн узактыгы жана өтө маанилүү кардиохирургиялык операциялардын жетишсиздиги боюнча маселелер бар. Бул жаатта Саламаттык сактоо министрлиги да чечүү чараларын көрүүдө. Кыргызстанда жыл сайын 600гө жакын тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдар өмүрүнүн алгачкы жумаларында операцияга муктаж болот. Бирок, алардын 20-40ына гана операция жасалат. Учурда 100дөн ашык бала кезекте турат. Кезек медициналык көрсөтмөлөрдүн негизинде ишке ашат. Ал эми абалы оор, кычкылтек жетишсиздиги барларга, тездик менен операция жасалат. Анткени, ал бейтаптарга ар бир мүнөт баалуу.
— Былтыр кыш мезгилинде өрттүн кесепетинен Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунун имараты күйүп, жараксыз абалга келген. Имаратты оңдоо иштери кандай жүрүп жатат?
— Учурда институттун имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө. Мында керебеттер, реанимация бөлүмдөрү кеңейтилип, заманбап шарттар менен камсыздалып жатат. Оңдоо иши соңуна чыкса, имаратыбызга декабрь айында кайтып барабыз деп күтүп жатабыз.
Даярдаган Мээрим Бактыбек кызы

