Бекбосун Жайчыбеков Кыргызстандын маданий турмушунун ажырагыс инсаны, анын сүрөт өнөрү аркылуу искусствонун ар кыл тармагына кошкон салымы баа жеткис. Сүрөтчүнүн өзгөчө талантын – Кыргызстандын мамлекеттик туусун жаратуудан тартып, балдар китептеринин ажайып сүрөттөрүн зор чеберчилик менен тартууга чейинки көрүнүктүү иш-аракеттеринен улам бааласак болот.
1991-жылы Кыргызстандын мамлекеттик туусунун жаралышы Бекбосун агайдын өмүрүндөгү жана чыгармачылык жолундагы орчундуу окуялардын бири болгон. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусун жаратуудагы негизги авторлордун бири — Бекбосун Жайчыбеков деген ысым ошол кездеги жаңыдан эгемендик алган жаш мамлекеттин түптөлүү тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калды. Өз мезгилинде улуттук баалуулуктарды жана маданий мурастарды айкалыштыруу менен жаратылган өлкөнүн бул атрибуту көптөгөн адамдарды эгемендүүлүктүн шаңына шыктандырган символ болгон. Өмүрүнүн ошол орчундуу, жемиштүү күндөрү жөнүндө агайдан сураганыбызда мындайча эскерди… “ Алты жүздөн ашуун катышуучулардын арасынан биз сынакка сунуш кылган туунун варианты өтүп кеткенин — мен көктөн түшкөн куттай эле кабылдадым. Кийин ар кандай сунуш-пикирлерди эске алып бир топ убакытта кайра иштеп чыктык. Эң кызыгы, туу менин үйүмдө жаралды. Себеби эч бир ылайыктуу сүрөт тартчу өнөркана табылган жок, үйгө келип болгон килемдерди жыйнап салып чоң бөлмөнү бошотуп, ошол жерде күндүр-түндүр беш киши иштедик. Туубуз даяр болгон соң Жогорку Кеңешке чакырылып, укмуш бир дүркүрөгөн кол чабуу болду. Көзүбүздөн жаш кетти! Дагы бир кызыгы, 5-март күнү Ак үйдүн үстүнө тууну алмаштыруу үчүн мен жалгыз чыккам азыр ойлосом. Албетте, жанымда ассистенттерим болду. Эски Кыргыз ССРинин туусун түшүрүп, жаңы, Эгемендүү мамлекетибиздин туусун өз колум менен көтөрдүм. Мен үчүн ошол чоң бакыт болгон. Ылдый жакты карасам элдин баары аябай кубанышып, калпактарын булгалап атышыптыр, мен деле калпагымды көккө ыргыткым келди. Көзүмө жаш келди. Укмуш бир бактылуу мүнөттөр болду. Негизи мен ыраазымын… Жашоомдо кандай учурлар өтсө деле ушуга чейин чын дилимден ыраазычылык сезимде жашап келем, кыргыз тарыхынын бир урунттуу жерине илинип калганым үчүн да ыраазымын!”- деп эскерди ошол тарыхый күндү.
Бекбосун Жайчыбеков 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган. Чыгармачыл инсан, таланттуу сүрөтчү катары тууну жаратуу менен гана чектелип калган жок. Анын чыгармачылыгы балдар адабиятынын жана искусствосунун басылмаларынын беттеринде белгилүү болду.
«Мектеп», «Кыргызстан», «Адабият», «Шам», «Кут аалам» сыяктуу белгилүү басмаканаларда улуу көркөм редактор, башкы сүрөтчү болуп иштеп, талантын чыгармачылыгын иш жүзүндө көрсөткөн. Маданий мурастарды өнүктүрүүгө эбегейсиз салым кошуп, өлкөнүн искусствосун өзүнүн кесипкөйлүгү жана чыгармачылыгы менен байытып келе жатат.
Ар кайсы мамлекеттердин китеп көргөзмөлөрүнө, республикалык, эл аралык китеп көргөзмө, сынактарына катышып, Кыргызстандын атын даңазалап келди. “Сүрөтчүлүктүн бардык тармагында иштей алам, бирок өзүмдүн тандоом, жан-дүйнөмө жакыны – балдар китебиндеги сүрөттөр менен иштөө болду. Тээ баягы заман кыйын учурларда “Сорос” фонду тарабынан жомоктордун сериясы чыккан. Ошондо беш серия менен чыккан көлөмдүү эмгектердин ичинен өзбек эл жомокторун Осмоев аттуу сүрөтчү жасап берген, калган төрт сериясын – кыргыз эл, корей, еврей, тажик эл жомокторун жалгыз өзүм жасап чыктым. Ал эмгектердин баары “Сорос” фонду аркылуу дүйнөгө тарады. Андан кийин да чет элдиктер менен бир топ иштештим”- дейт сүрөтчү. Б. Жайчыбековдун балдар окуу китептерин чыгаруудагы сиңирген эмгеги жогору бааланып, 2007-жылы «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги», «Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери» наамдары менен сыйланган. Анын чыгармаларын Кыргызстандын балдар адабиятынын тарыхында көркөм өнөрдүн сапаттуу үлгүсү деп таанууга болот. Анткени, маданий мурастын элементтерин жана заманбап тенденцияларды чебер айкалыштыруудан жаралган сүрөтчүнүн эмгектери бүгүнкү күндө балдар китебинде таанымалдыгы менен баалуу. Улуттук гана эмес, дүйнөлүк масштабдагы китеп долбоорлоруна катышуусу, көргөзмө, сынактардагы жеңиштери анын чеберчилигин, искусство дүйнөсүндөгү ордун баса белгилеп көрсөтүп турат.
2022-жылы Кыргызстандын Эл сүрөтчүсү наамынын ыйгарылганы Бекбосун агайдын көркөм өнөр дүйносүндөгү эмгегин жана өлкөнүн маданий мурасына кошкон салымын татыктуу баалоо болду.