Бекназар Базаралиев транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жаңы дайындалган орун басарды Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти Данияр Эркинбаев эмгек жамаатына тааныштырды.
Белгилей кетсек, Бекназар Базаралиев эмгек жолун 2006-жылы Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Бишкек-Ош унаа жолунун мамлекеттик дирекциясында катардагы адис болуп баштаган. 2024-жылга чейин министрликке караштуу мекемелерде иштеген.