"Эркин-Тоо"

Бектур Асановго Түркияда дарыланып келүүгө уруксат берилди

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту «Кемпир-Абад ишине» байланыштуу айыпталуучу Бектур Асановго Түркияга барып, дарыланып келүүгө уруксат берди.

Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, ал 19-апрелге чейин кайра келиши керек.

Буга чейин Бектур Асановго эч жакка чыкпоо тууралуу баш коргоо чарасы колдонулган. Жактоочу аны өзгөртүп, өлкөнүн сыртына чыгып, дарыланып келүүгө уруксат сураган.

Бектур Асановго Улуттук госпиталда моюн омурткасына операция жасалган. Кийин аны №31 түзөтүү колониясына которушкан.

Бектур Асанов 2022-жылдын 23-октябрында кармалган. Аларга Ички иштер министрлиги «массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып койгон. Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитет 22-октябрда түзүлгөн.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!