Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко Кыргызстанга келди.
“Манас” эл аралык аэропортунан Беларусь премьер-министри Роман Головченкону Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.
Белгилей кетсек, Роман Головченко үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышат

