"Эркин-Тоо"

Белек ЖОЛДОШБЕК уулу: “Максатыбыз айылга социалдык шаарчаны куруу…”

Кочкор районуна караштуу Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Белек ЖОЛДОШБЕК уулу

Каарманым Кочкор өрөөнүндөгү бирден-бир ири айыл өкмөттү жетектейт. Айылдаштар, тааныгандар да анын иштин кызыкчылыгы үчүн тартип менен тазалыкты биринчи орунга коюп, бар аракетин кылып иштеп жаткандыгын жашырышпады. Биз элеттеги көйгөйлөрдүн тегерегинде баарлаштык.

— Белек мырза, сиз жетектеген айыл аймакта мамлекеттик казынанын көмөгүнө муктаж кандай көйгөйлөр бар? Негизгилерин тизмектеп бере аласызбы?..

— Дотацияда турган айыл өкмөт болгондуктан, мамлекеттин көмөгүнө дайыма муктажбыз да. Бирок, ушул күнгө чейин бир топ көйгөйлүү маселелер өлкө казынасынан чечилип калгандыгын жашырбай айта алам. Муну менен көйгөйлөрдү 100% чечип салдык дегенден алысмын. Тизмектеп көрсөк социалдык имараттардын дээрлик баардыгы: капиталдык ремонтко муктаж имараттар жана жаңы курулгандар курулуп бүттү. Алсак мектеп, бала-бакча, ҮДБнун имараттары толук кандуу ремонттолду. Ал эми айыл өкмөттүн имараты бүгүнкү күндө капиталдык ремонтко муктаж болуп, кызматкерлердин иштешине жакшы шарт түзүлбөй келүүдө. Бул имарат 1991-жылы курулган. Ушул күнгө чейин бир дагы жолу ремонттон өткөн эмес. Болбосо райондогу эң бир көрүнүктүү, жакшы имараттардын бири. Кудай буюрса, 2023-жылы бул имаратты капиталдык ремонттон өткөрүүгө иш- аракеттер жүрүп жатат.

— Айыл өкмөттүн “эки тизгин, бир чылбырын” колго алганыңызга 6 жылга аяк басыптыр. Жетектеген аймагыңызды өлкөнүн кайсы регионундагы өрөөндүн мисалында өнүктүргүңүз келет?

— Ооба, Кудай буюрса, иштегениме жетинчи жылга аяк басты. Бул аралыкта колумдан келишинче аракет кылып жатам. Менин ойлогонумдай болсо, айылыбызды өнүгүп-өскөн шаарлардын катарына кошкум келет. Тилекке каршы, каражат жагы кендирди кесет. Ошого карабай айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү максатында алдыда жакшы ой-максаттар бар. Андыктан, силердей демилгелүү жаштар менен тийиштүү денгээлде бирге өнүктүрсөк деген тилегимди жашырбайм.

— Айылдын, андагы жашоочулардын тагдырынан кыя өтө албасаңыз керек. Мындай шартта кайсы көйгөй сизди көбүрөөк тынчсыздандырып, чечүүгө мүмкүнчүлүк болбой жүрөт…

— Айыл жергесинде көйгөйлүү маселе көп. Көптөн бери чечилбей келген көйгөй, социалдык шаарчаны куруу маселеси турат. Бул жаатта көптөн бери сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бирок, мындай аракеттерибиздин жыйынтыгы чыкпай келет. Эгерде идея ишке ашып калса айылыбыздагы аз камсыз болгон жана жарым жетим, томолой жетим сыяктуу үй-бүлөлөрдүн бирденбир көйгөйлүү маселеси чечилип калат эле. Эгерде социалдык шаарча курулуп калса ишканасы кошо курулуп, эл жумуш менен камсыз болмок. Бул көйгөй бүгүн жетекчи катары мени түйшөлткөн маселенин бири болууда. Мындан тышкары, ирригация жаатында маселелер жана Комсомол айылына таза суу жеткирүү учурдун талабы болуп турат. Өткөн жылы “Өнүктүрүү фонду” аркылуу Комсомолдун таза суу маселеси чечилди.

— Мал-жандыктар жаатынан кандай көйгөйлөр бар? Жасалма уруктандыруу жагын жолго койгондор барбы?..

— Кудайдын кулагы сүйүнсүн, соңку убакта төрт түлүк көбөйдү. Мындай шартта сандан – сапатка өтүү мезгили келди. 3 жыл мурун АРИС уюму менен Жайыт комитети аркылуу айылга 3 бука алып келгенбиз. Бул букалардан алгачкы жылдары жакшы тукум алынганы менен соңку жылы ооруп калгандыктан сатылып кетти. Азыр кайрадан асыл тукум багытындагы мындай букалар алынып келинди. Жаз алды менен айылдагы баданын уйларына кошкону турабыз. Бул жагынан элибиз да кызыгып калышса, сандан–сапатка өтүү жагына батыл киришишет эле. Жасалма уруктандыруу боюнча тийиштүү жабдыктар жок экен. Анан калса бул жагынан бизде ветеринардык адистер да жетишсиз. Жаштар арасынан бул кесипти тандап, окуп келип айылга иштейбиз дегендер жокко эсе болууда.

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ
№3 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 17-январы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!