Белгилүү обончу-аткаруучу, композитор жана педагог Шеркул Дүйшөналиев 68 жаш курагында узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият министрлиги кабарлады.
Шеркул Дүйшөналиев 1957-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айылында туулган.
Алгачкы чыгармачылык эмгек жолун Кыргыз улуттук Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын Кожомжаров атындагы эстрадалык ансамблинде жана “Наристе” ансамблинде баштаган. Кыргыз радиосунун камералык хорунда көп жылдар бою эмгектенген. Республикалык фестивалдардын көптөгөн сыйлыктарынын лауреаты.
Шеркул Дүйшөналиев 26 жаш курагында Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты болгон.
Анын жараткан обондору: “Жүрөгүм сезет”, “Булактагы кездешүү”, “Табийгат сыры”, “Кумар көз”, “Көңүл бөлсөң”, “Ойлончу”, “Сизге тааныш эмеспи”, “Үйлөнүү тоюна”, “Үмүт”, “Жаштар бийи” жана башкалар.
Композитордун эмгектери Кыргыз радиосунун алтын фондуна жазылып калды.

