Бельгиянын Брюссель шаарында Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү белгиленди. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Бельгия, Нидерландия жана Люксембургдагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү катышты.
Кыргызстандын Бельгия Королдугундагы элчиси Айдит Эркин сөз сүйлөп, Кыргызстан жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан мамлекетти өнүктүрүүгө жана анын эл аралык аренадагы аброюн бекемдөөгө багытталган реформаларына токтолуп, каада-салтты, маданиятты, үрп-адатты жана эне тилди сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын Бенилюкс өлкөлөрүндөгү биринчи элчиси Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө уюштурулуп, чыгармачылык ишмердүүлүгүнө арналган видеоматериалдар көрсөтүлдү.