"Эркин-Тоо"

Бензин 4 сомго, дизелдик отун 6 сомго кымбаттайт

Кыргызстанда бензин бир айдын ичинде 4 сомго, дизелдик отун 6 сомго кымбатташы күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы маалымдады.

Ага ылайык, 2021-жылы энергияга болгон суроо-талаптын кескин өсүшүнөн улам дүйнөлүк баалар күн сайын жаңы рекорддорго жетүүдө. Учурда күйүүчү майга болгон баанын өсүшүнүн кошумча факторлору болуп төмөнкүлөр саналат:
— ОПЕК+ өлкөлөрүнүн макулдашуулары боюнча өндүрүш көлөмүнүн төмөндөшү;
— акыркы эки жылдагы блокададан улам мунай секторуна инвестициялардын олуттуу кыскарышы;
— ОПЕК+ өлкөлөрүндөгү геосаясий турбуленттүүлүк, атап айтканда, Казакстан жана Ливиядагы кырдаал. Казакстандагы нааразылык акциялары темир жол байланыштарын үзүп, өлкөдөгү эң ири Теңиз кениндеги өндүрүшкө зыян келтиргенден кийин баалар 5% өстү. Ливияда мунай өндүрүү өлкөнүн чыгышындагы мунай куурунун жабылышынан улам кыскарды.

Белгилей кетсек, Кыргызстан мунай продуктуларынын 95 пайызын башка өлкөлөрдөн, тактап айтканда, Россиядан импорттоп, импортко көз каранды. Учурда 20га жакын нефтетрейдерлер өлкөгө күйүүчү майды Россиянын нефтини кайра иштетүүчү заводдорунан алып келишет.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!