Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти. Быйыл январь-май айларында Кыргызстанда АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 35,7 сомдон 50,4 сомго чейин көтөрүлгөн. Ал эми дизель майы 36,1 сомдон 46,1 сомго чейин кымбаттаган. Күйүүчү майдын баасынын жогорулашы дүйнөдө мунай жана мунайзаттарына болгон суроо-талаптын жогорулашына байланыштуу болгон делет маалыматта.