"Эркин-Тоо"

Берлинде «Бейиш эненин таманында» тасмасы көрсөтүлдү

Берлин шаарында 26-апрелде режиссер Руслан Акундун Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркия, Египет жана Меккеде тартылган «Бейиш эненин таманында» тасмасы көрсөтүлдү. Көрсөтүү Германиядагы кыргыз диаспорасынын колдоосу менен уюштурулду.

Кыргызстандын германиядагы элчилигинен билдиришкендей,  элчи Өмүрбек Текебаев куттуктоо сөзүн сүйлөп, иш-чаранын уюштуруучуларына Берлинде фильмдин премьерасын көрүү мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал ошондой эле тасма эненин уулуна болгон сүйүүсүнүн күчү жөнүндө баян экенин, анда балдар менен ата-энелердин ортосундагы мамиленин актуалдуу маселелери козголуп, бүгүнкү күндө актуалдуу болуп жатканын белгиледи.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 12-майында аталган тасма Франкфурт-на-Майне шаарында да көрсөтүлөт.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!