2023-жылдын 24-августунда Берлин шаарында КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Германиянын Федералдык тышкы иштер министри Анналена Бербок менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.
Эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин башчылары экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, соода жүгүртүүнү өз ара көбөйтүү жана эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү, герман инвестициясын айыл чарба, туризм, энергиянын кайра жаралуучу булактары, маалымат технологиялары сыяктуу келечектүү тармактарга тартуу маселелерин талкуулашты.
Билим берүү тармагындагы кызматташуунун маанилүүлүгү жана герман тарабынын 2024-жылы Бишкекте Германиянын академиялык алмашуу кызматынын (DAAD) аймактык өкүлчүлүгүн түзүү ниети белгиленди.
Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында КР Министрлер Кабинети менен Германиянын Өкмөтүнүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жөнүндө биргелешкен билдирүүгө кол коюлду. Документте тараптардын Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы саясат, экономика, инвестиция, климат, “жашыл экономика”, маданият жана башка тармактарда кызматташуусун мындан ары өнүктүрүү чагылдырылган.