Берлиндин Этнологиялык музейинде Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин катышуусунда Нооруз майрамына карата иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш-чараны Афганистан, Азербайжан, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан жана Өзбекстандын Германия Федеративдүү Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү биргелешип, “Маданий кызматташтык” герман коомдук бирикмесинин көмөгү менен уюштурган.
Келген конокторго, анын ичинде Берлинде жашаган кыргызстандыктарга музыкалык көрсөтүүлөр, улуттук бийлер, театралдаштырылган оюн-зооктор, искусство жана ашпозчулук боюнча мастер-класстар, ошондой эле Нооруз майрамын майрамдаган элдердин маданий мурастарын көрсөткөн көргөзмөлөр камтылган түрдүү маданий программа тартууланды.